PLAY PODCASTS
Кыргыз кыялын эркиндик орундатат / Эмил Умет / Жаратман
Season 1 · Episode 8

Кыргыз кыялын эркиндик орундатат / Эмил Умет / Жаратман

Jaratman Podcast · Урмат Насыкулов

June 13, 20232h 31m

Audio is streamed directly from the publisher (api.mave.digital) as published in their RSS feed. Play Podcasts does not host this file. Rights-holders can request removal through the copyright & takedown page.

Show Notes

Салам, достор!
“Жаратмандын” жаңы чыгарылышына куш келипсиздер.

Бул чыгарылышта биз белгилүү коомдук ишмер, бизнеске адеп чыйыр салган, мыкты агабыз Эмил Үмөт менен болгон кызыктуу интервьюну тартуулайбыз.

Кеп башында Эмил байке советтер союзунун тушунда Италияга болгон саякатын айтып берет. Анын бул саякаты дүйнөгө болгон көз карашын толугу менен өзгөрткөнүн, өлкөлөрдүн жашоо турмушундагы айрымачылыктар өтө чоң экенин белгилейт. Эмил ошондо гүлдөп өнүгүүдөгү эң жогорку баалуулук эркиндик экенин түшүнгөн.

Биз бул маекте эмнеге кээ бир өлкөлөр бай, башка өлкөлөр жакыр бойдон калган себептерди тереңирээк талкуулайбыз. Эмил ага өзүнүн узак убакыт созулган ишкердик ишмердигинин жолунда өзү байкаган тажрыйбалар жана байкоолор менен бөлүшөт. Ал экономикалык өсүштөргө жана ийгиликтерге жетишүүдө жаңычылдыктын жана ишкердик дымактын канчалык маанилүү экенин ачып берет.

Ошондой эле көз карандысыз Кыргызстанда коммерциялык компанияны түзүүнүн уникалдуу тажрыйбасын айтып берет. Ал Советтер союзу таркагандан кийин бизнести өнүктүрүүгө күч кубатын жана ресурстарын тобокелге салгандардын бири. Эмил ага биздин аймакта эң алдыңкы ийгиликтүү ишканага айланган Кыргыз концепт компаниясын негиздеген.

Кызыктуу жаратмандын баянын уккуң келсе биздин берүүлөргө кир!

Биздин каналга жазылып, пикириңди жазып, лайк басканды унутпа!

Жаратманга салым кошуңуз:

M Bank +996500807040 О! Деньги +996500807040

OPTIMA BANK VISA 4169 5853 5854 1828 (Urmat Nasykulov)