Season 1 · Episode 9
ТИГҮҮ БИЗНЕСИНИН ГИГАНТЫ 4 машинкадан башталган / Сүймөнкул Жолдубаев / Жаратман подкаст
Jaratman Podcast · Урмат Насыкулов
November 18, 20231h 38m
Audio is streamed directly from the publisher (api.mave.digital) as published in their RSS feed. Play Podcasts does not host this file. Rights-holders can request removal through the copyright & takedown page.
Show Notes
Достор! Жаратман подкастынын жаңы чыгарылышына куш келиңиздер! Бул жолу биздин мейманда дуэр, кыргыздын чыныгы жаратманы, тигүү тармагынын атактуу ишкери, Cool Bros компаниясынын негиздөөчүсү Сүймөнкул Жолдубаевди урматтоо менен тосуп алабыз.

Сүймөнкул Жолдубаев эмгек жолун эң жөнөкөй нерселерден баштаган. Тестиер кезинде базарда коробка жана жашиктерди чогултуп жүргөн кезинде келечектүү, ийгиликтүү ишмердикти кыялданган. Кийин эмгек мигранты болуп Россияга иштегени кеткен. Бул анын турмуштун татаал бирок тагдыр чечээр бөлүгүнө кадам таштаган учуру эле.

Нечен кыйынчылыктарды баштан өткөргөндөн кийин ал болгону төрт тигүү машинеси бар өз цехин ачкан. Анткен менен өжөрлүү эмгек, ийгиликке умтулган аракет, командасынын ырааттуу ишинин акыбети кайтып, бизнеси жолго салынып кетти.

Бүгүнкү күндө Cool Bros компаниясы Кыргызстандын эле сыймыгы эмес, бүткүл КМШ өлкөлөрүнө таанымал фабрика болду.

Өз ишине берилгендик жана күжүрмөн эмгекчилдик Сүймөнкул Жолдубаевди базардагы соодагерден тигүү бизнесинин чыныгы чемпиондугуна жеткирди.

Азыр анын компаниясына караштуу Кыргызстандан ар кай жеринде иштеп жаткан 6 фабрикасында 2000ден ашуун жумушчу иштейт. Жеке өзү өлкөбүздөгү эле эмес барды КМШ мамлекеттериндеги ишкердерге үлгү. Биздин бул жолку кызыктуу подкастыбызда Сүймөнкул Жолдубаев өзүнүн карапайым башталышынан жогорку жетишкендикке чейин жеткен кызыктуу таржымалы менен бөлүшөт, кыйынчылыктарды кантип жеңип, ийгиликтүү бизнес жүргүзүп, мыкты натыйжага жеткенин айтып берет. Биз анын кыйынчылыктарды кантип жеңип, ийгиликке жеткени, тагдырындагы урунттуу окуялар жана өмүр жолунда алган баалуу сабактары тууралуу билебиз.

Биздин меймандын бизнес жүргүзүүдөгү шыктандыруучу кызыктуу баянын өткөрүп жибербеңиз!

Көрсөтүүнүн соңунда меймандан баалуу белектер бар.

Кызыктуу жаратмандын баянын уккуңуз келсе биздин берүүлөргө киргиле!

Биздин каналга жазылып, пикириңизди жазып, лайк басканды унутпаңыздар!

Жаратманга салым кошуңуз:

M Bank +996500807040 О! Деньги +996500807040

OPTIMA BANK VISA 4169 5853 5854 1828 (Urmat Nasykulov)

►Эксклюзивдик өнөктөш:

https://instagram.com/kulikov_kg?igsh...

►Биздин Instagram:

/ jaratman_podcast

►Биздин TikTok:

/ jaratman_podcast

►Instagram Урмат Насыкулов:

/ urmagramm

►Видеомейкер:

/ izat_mukhametaliev